30
Март
2018
«Социалдык коргоо жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» КР Мыйзамы жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамынын жаңы концепциясында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, жана КР ЖК тарабынан 2017-жылдын 21 июнунда кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзамга КР экc-Президенти А.Атамбаев тарабынан 2017-жылы 28-июлунда №163 кол коюлган.
Мыйзамдын өзүнчө нормаларын кайра карап чыгуу жана кошумча анализди жүргүзүү максатында мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо процедураларын мындан ары дагы оптимизациялоо үчүн 2017-жылдын 28-декабрында №222(27) КР Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирген «балага сүйүнчүнү» дайындоо жана төлөп берүү боюнча нормасынан тышкары жогоруда белгиленген Мыйзамды 2018-жылдын 1-апрелине чейин мөөнөтүн узартуу каралган мыйзам демилгеленген. Аталган Мыйзамга КР Президенти С.Жээнбеков тарабынан кол коюлган.
Жүргузүлгөн анализдин жыйынтыгы менен Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоор иштелип чыкты. Жогоруда белгиленген КР Мыйзамы боюнча КР Өкмөтүнүн токтомуна КР Премьер-министри С.Исаков тарабынан 2018-жылдын 3-мартында №123 кол коюлуп, жана КР Жогорку Кеңешине кароого киргизилген.
Мыйзамдын долбоору төмөнкү өзгөрүүлөрдү камтыйт:
• Жаны мыйзам долбоорунда негизги өзгөрүү аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жөлөкпулду дайындоодо жалпы үй бүлөлүк кирешесинен пенсияны чыгарып салуу болуп саналат. Аталган суроо көп жылдардан бери калк жана КР ЖКнын бир катар депутаттары тарабынан көтөрүлүп, бирок мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоонун жоктугунан улам чечилбей келген. КР Премьер-министринин тапшырмасы боюнча тийиштүү эсептер чыгарылып, алар: 2018-жылдын 1-июлунан тартып үй-бүлөө муктаж болгону аныкталса, үй бүлөлүк кирешесинен пенсияны чыгарып салса, аталган норманы 2018-жылдын кабыл алынган бюджетинин алкагында ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар. Чечим анализ жүргүзүүдөн жана мыйзам долбоорундагы нормаларды оптимизациялагандан кийин пенсионерлер пенсиясын өзүнүн керектөөлөрүн канаттандыруу үчүн кабыл алынган.
• «үй-бүлөгө-көмөк» 0 дон 16 жашка чейинки балдарга жөлөкпулду үй-бүлөөлүк кирешеси 1 адамга минималдуу кепилденген кирешесинин көлөмүнөн –МКК (900 сом) аз болсо, үй-бүлөөнүн муктаждыктарын эске алуу менен дайындоо улантылат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 294 миң бала 810 сом өлчөмүндө (тоолуу аймактагы коэффиценттин эске алууда орто эсеп менен 875 сом) аз камсыз болгондугу боюнча жөлөкпул алышат.
• 2018-жылдын 1-январынан тартып берилип жаткан бардык ымыркайларга кайсы гана жерде төрөлбөсүн бир жолку 4000 миң сом өлчөмдө «балага суйунчу» каралат. Белгиленген өзгөрүү «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» КР Мыйзамынын нормаларына карама-каршы келбейт, анткени, мамлекеттик колдоонун аталган түрү бир жолку болуп эсептелинет.
Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана жаш тайынан бери ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөө мүчөлөрү барлар абдан күтүшкөнүн белгилеп кетүү керек. Анын кабыл алынышы менен КР Премьер-министринин тапшырмасы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана жаш тайынан бери ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүү сунушталууда. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин божомолдуу маалыматы боюнча жогоруда белгиленген жөлөкпулдарды алуучулар 2018-жылы 62 566 адамды түздү, жогоруда белгиленген категорияларга жөлөкпулдардын өлчөмү 2000 ден 3000 чейин сомду түзөт. Эми аны дагы 2700 дон 4000 сомго чейин (33%) жогорулатуу пландалууда.
Өкмөт башкаруучулук, методология иштеп чыгуу жана муктаж үй-бүлөөлөрдү аныктоо процесстерин жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону автоматташтыруу боюнча, ошондой эле «балага сүйүнчүнү» берүүдө жериндеги коррупциялык факторлорду азайтуу максатында жигердүү иштерди жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү