04

Февраль

2017

«Газпром» ААК Кыргызстандагы керектөөчүлөргө жаратылыш газын туруктуу жеткирүү жана калктуу конуштарды газдаштыруу боюнча өзүнө мурда алган бардык иш милдеттерди аткарат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зиядин Жамалдиновдун «Газпром»ААК мурда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбай жаткандыгы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет. 2014-жылдын октябрынан тартып республикага Россия тараптан 165АКШ доллары баасы менен 1000 м3 газ жеткирүү ишке ашырылган. 2016 -жылдын апрелинен 150 АКШ доллары баасы менен 1000 м3 жаратылыш газы алынып келинген. «Газпром»ААК атамекендик рынокко келгенге чейин «Электр станциялары» ААК тарифи 1000 м3 жаратылыш газы үчүн тариф 280 АКШ доллар өлчөмүндө болчу. «Газпром»ААК жергиликтүү рынокко киргенден кийин «Электр станциялары»ААК жаратылыш газынын 1000 м3 үчүн 220 доллар өлчөмүндө жеңилдетилген тариф коюлду. 2016-жылы Бишкек шаарынын 10 конушунда жана Чүй облусунун (Керемет, Касым, Щербакова, Бурдинская, Салам-Алик, Жеңиш, Балбан-Таймаш, Кайынды, Керамическая, Мыкан) же 2100 кожолукка газ жеткирген. 2017-жылы Бишкек шаарынын 7 конушуна (Көлмө, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо) жана Чүй облусунун 5 калктуу конушуна а (Кант, Токмок, Кара-Балта шаарларын, Ленин жана Сокулук райондорун) газдаштыруу пландаштырылууда. 20 миң кожолукту камтуу пландаштырылууда. «Түндүк-Түштүк» газ өткөрмөлөрдү куруунун багыты макулдашуу стадиясында турат. Мындан тышкары Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз газ жеткирүү максатында «Бухара газнасостук району – Ташкент – Бишкек - Алмата» газ өткөргүч магистралын реконструкциялоо зарыл болгон көлөмдө жүргүзүлөт.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 

маалыматтыккамсыздоо бөлүмү