19
Январь
ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо көлөмү 2016-жылы үч эседен ашуун жогорулады
2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо 22 миң тонн көлөмүндө болду, бул 2015-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп (5900 тонна). Бул туурасында 18-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы өлкөнүн биримдиктеги пландары жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
Ал белгилегендей, бул 19 атамекендик мал чарба продукциясын өндүргөн ишкананын ЕАЭБ Бирдиктүү тизимине киргизилгендигине байланыштуу орун алган, анын 8и сүт продукциясын өндүрүү боюнча ишканалар болуп саналат.
Калысбек Жумакановдун айтымында, аталган реестрге киргизүүнүн натыйжасында атамекендик ишканалар тараптан өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагында өндүрүп, чыгарууга мүмкүндүк берилди.
Ал кошумчалагандай, чет өлкөдөн сүт продукциясын импортоонун кыскарышы байкалууда. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бул Кыргызстандын интеграциялык биримдиктеги катышуусунун оңдуу жыйынтыгы болуп саналат жана өндүрүлгөн продукция көлөмүн жана экспортту жогорулатуу максатында айыл чарба ишканалары үчүн жагымдуу шарттрады түзүү боюнча ишти улантууну тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү