04
Февраль
2016-жылы тигүү буюмдары тармагында өндүрүштүн көлөмү 2013-2015-жылдарга салыштырмалуу сезилээрлик жогорулады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин парламент жыйынында Кыргыз Республикасында тигүү тармагы кыйроо алдында турганы боюнча билдирүүсүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт.
«Легпром» Ассоциациясынын ишкерлеринин маалыматына ылайык, 2016-жылы тигүү өнөр жайында өндүрүштүн көлөмү 2013-2015-жылдарга салыштырмалуу кыйла жогорулаган.
Алсак, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынан тигүү буюмдарына буйрутмалардын өсүшү байкалган.
Бүгүнкү күндө тигүү ишканаларында өндүрүш толук көлөмдө ашыкча кубаттуулукта иштеп жатышат. Буйрутмалардын ири көлөмдө келип жаткандыктан, ишкерлер жумушчу кадрлардын - тигүүчүлөрдүн жетишсиздигине туш болушууда.
Аталган көйгөйдү чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Легпром» Ассоциациясы менен биргеликте иш жүргүзүүдө.
Мунун менен бирге белгилеп кетчү жагдай, тигүү продукцияларын экспорттоонун көлөмү бир четинен тигүү продукцияларынын негизги көлөмү сменен байланыштуу жана ал патентттик негизде иш жүргүзгөн жеке ишкерлер тарабынан чыгарылат. Аталган кичи ишканалар чыгарган продукциялардын көлөмү дээрлик статистикалык органдар тарабынан эске алынбайт. Статистикалык маалыматтарда «Дордой» базары аркылуу Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына кетип жактан тигүү продукциялары да дээрлик эске алынбайт. Азыркы учурда текстиль-тигүү продукцияларын аныктоо үчүн бул тармактын чыныгы абалын эсепке алууну оптималдаштыруу механизмин иштеп чыгуу боюнча иштер аяктоодо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү