08

Октябрь

2017

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадаровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Анын курамына: - Исаков Сапар Жумакадырович – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; - Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич – Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: - Момуналиев Нурханбек Сакенович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси; - Исраилов Улан Жумабекович – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; - Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын каржы министри; - Калилов Жамшитбек – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри; - Боронов Кубатбек Айылчиевич – Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; - Батыралиев Талантбек Абдуллаевич – Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри; - Казаков Түгөлбай Токтогулович – Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; - Ибраимов Албек Сабирбекович – Бишкек шаарынын мэри; - Курманалиев Алмазбек Абдиназарович – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары; - Сегизбаев Абдил Кеңешович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; - Касымкулов Мирбек Абдыкаимович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы; - Карыпбеков Илим Майрамбекович – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору; - Жылкыбаев Узарбек Казиевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; - Мамбетакунов Нурбек Телманович – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын орун басары; - Жумалиев Болот – маркумдун тууганы кирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү