13

Февраль

2017

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамын шайлоо боюнча сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, коомдук кеңештерди тандоо боюнча комиссия төмөндө көрсөтүлгөн графикке ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин  жаңы курамын шайлоо үчүн коомчулук өкүлдөрүн, коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрө, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрлик жана административдик ведомстволордун ишине тийиштиги бар тармактардын эксперттик коомчулугун шайлоо боюнча сынак жарыялайт:

 №

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин аталышы

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы курамын шайлоо үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү

 1 Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин КК

2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган

 2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган
 2 Мамлекеттик миграция кызматынын КК
 3 КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын КК

2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган

 4 Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин КК

2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган

 5 КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын КК

2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган

 6 Айыл чарба, тамак аш-өнөр жай жана мелиорация министрлигинин КК
 7 КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын КК
8 КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун КК

2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган

9 Тышкы иштер министрлигинин КК

2017-жылдын 19-февралына дейре узартылган

10 КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин КК
11 Юстиция министрлигинин КК

02.01.2017 – 02.03.2017

12 КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамагенттигинин КК

03.01.2017 – 03.03.2017

13 КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын КК
14 КР Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамагенттигинин КК

04.01.2017 – 04.03.2017

15 Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун КК
16 КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын КК
17 Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  КК

14.02.2017 – 14.03.2017

18 КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин КК
19 КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамкызматынын КК
 20 КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамкызматынын КК
21 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин КК

29.04.2017 – 29.05.2017

22 Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамкомитетинин КК
23 Мамлекеттик матрезервдер фондунун КК
24 Транспорт жана жолдор министрлигинин  КК

21.07.2017 – 21.08.2017

25 Саламаттык сактоо министрлигинин  КК
26 КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын КК
27 КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене-тарбия жана спорт мамагенттигинин КК

16.09.2017 – 16.10.2017

28 КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын КК

17.06.2018 – 17.07.2018

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир мекемеден тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайлана алат. Бир жак бир гана коомдук кеңештин мүчөсү болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизилчү талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан сунушталуусу, ошондой эле жарандардын өзүнүн талапкерлигин көрсөтүү жолу аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер катары Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү, мурда соттолбогон жараны чыга алат жана төмөнкү талаптарга:

1)   Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, же административдик ведомство жетекчисине жакын туугандык байланышта болбошу керек;

2)   Коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, же административдик ведомстводон түз көзкарандылыкта болбошу (лицензия алуучу, контракт негизинде товар ташуучу жана тейлөө көрсөтүүчү болбошу);

3)   Мамлекеттик, же муниципалдык кызматкер болбошу;

4)   Таза ишкер репутациясына ээ болушу;

5)   Тийиштүү министрликтин, же административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча пикири, идеясы болуусу;

6)   Активдүү коомдук ишмердүүлүк жүргүзүүсү, жарандык демилгелер боюнча тажрыйбага ээ болуусу кажет.

Сынакка катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:

1)   жарандын өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүүсү тууралуу арызы, же юридикалык жактын, же жарандар бирикмесинин талапкерди тийиштүү коомдук кеңеш курамына кошуу сунушу менен негиздемелери тиркелген Комиссияга даректелген арызы;

2)   билими, иш тажрыйбасы жана коомдук ишмердүүлүгү, туулган жери, жылы (күнү/айы/жылы, айылы/шаары, району, областы), байланышуу (адрес,тел. номери, электрондук почта), автобиографиялык маалыматы (резюме) сынакка документ берүүгө чейинки 6 айдан берки фотосу көрсөтүлгөн маалыматтар;

3)   талапкердин коомдук кеңешке катышуусун сүрөттөп берүүсү.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

1)   почта индекси 720003, Бишкек ш., Абдымомунов көч. 207 («КР Өкмөт Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү»)

Же электрондук почта аркылуу:

2)   comissionOSKG@yandex.com «коомдук кеңеш сынагына» конкреттүү мамлекттик органды көрсөтүү менен (PDF форматында 5 МB ашык эмес көлөмдө).

“Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери тууралуу” Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген документтерди сунуштаган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Сурап-билүү телефондору: (0312) 66-29-11, (0312) 96-02-38.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү