11
Май
Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосунда 2018-2022-жылдарга кызматташуу долбоорунун программасы жактырылды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосунда 2018-2022-жылдарга кызматташуу долбоорунун программасын талкуулаган жыйын өткөрдү. Долбоор республикадагы министрликтер, ведомстволор жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан.
Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, ЮНИСЕФтин 2018-2022-жылдарга өлкөлүк программасы балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо үчүн жагымду шарттарды түзүүнү жана алардын инклюзивдик корголгон коомдо потенциалын жогорулатууну колдойт.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарды өнүктүрүүгө ЮНИСЕФ кошкон салымын жогору баалайт. Программа бир катар мамлекеттик программалырдын ишке ашуусуна шарт түзөт», - деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова. Ал программаны ишке ашырууда ведомстволор аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлү Юки Мокуого Кыргызстандагы балдардын укугун коргоо долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жыйын жүрүшүндө медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, балдар жана жашы жете электер үчүн медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын ишке киргизүү, жаңы төрөлгөн ымыркайларды коргоо жана балдар өлүмүн азайтуу багытында иштерди күүчөтүү белгиленди.
Балдардын укуктарын коргоонун мыйзамдык базасын жакшыртууга жетишүү, мектепке чейинки билим берүү мекемелерди өнүктүрүү жана жергиликтүү деңгээлде мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына, адистердин кесипкөйлүгүн арттыруу маселелери көтөрүлдү.
Талкуунун жыйынтыгында 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуу программасынын долбоору жактырылды.
[su_carousel source="media: 94459,94460,94461,94462,94463" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93946,93887,93886,93885,93884,93883,93882,93881,93880,93879,93878,93877,93876,93875,93872,93871,93870,93869,93868,93867,93947,93972,93971,93970,93969,93968,93967,93965,93964,93963,93962,93961,93960,93959,93956,93955,93954,93953,93952,93950" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү