06
Февраль
2017
Октябрь Абдыкаимов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү