03
Август
Олег Панкратов: Кыргызстан тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө чоң маани берет
Кыргыз Республикасы атамекендик экономиканын локомотиви саналган тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул туурасында бүгүн, 3-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов КМШга мүчө-мамлекеттердин кен иликтөө, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөт аралык кеңешинин XX сессиясында билдирди.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, жогоруда аталган Өкмөт аралык кеңеш 1997-жылдын 27-мартында кен иликтөө, пайдалануу жана коргоо жаатындагы кызматташуу тууралуу келишимге ылайык түзүлүп, учурда кен пайдалануу жаатындагы кесиптештер ортосундагы өз-ара аракеттешүү боюнча маанилүү ролду аткарат.
«Тоо-кен тармагы чектелген тутумда өнүгө албайт, анткени, геологияда чек түшүнүгү болбойт, ал эми жаратылыш байлыктары мамлекеттердин административдик чегинен көз-карандысыз жайгашат. Натыйжада, илимий багытта тажрыйба алмашуу аркылуу кен иштетүүнүн экологиялык жана техникалык коопсуздугун жогорулатууга багытталган жалпы милдеттерди чечүү үстүндө иш алып барабыз», - деп белгиледи ал.
Өлкөдөгү тоо-кен тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу сөз кылууда Вице-премьер-министр белгилегендей, тармакты ыргактуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Геология мамагенттигин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кылып кайрадан түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.
«Жаңы ведомство – статусу жагынан министрликтен жогору турат, анткени, министрлик тармактык гана саясатты жүргүзөт, ал эми Мамлекеттик комитет тармак аралык саясатты координациялайт. Жаңы органдын жетекчилиги алган ыйгарым укуктарын тоо-кен тармагын мындан жогорку өнүгүү деңгээлине алып чыгуу үчүн колдон келген аракетин жумшайт деп ишенем», - деди ал.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Олег Панкратов юбилейлик сессиянын жалпы катышуучуларына ийгилик каалап, талкуу учурунда анын катышуучулары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин чечүү мүмкүндүгүнө ээ болот деген ишенимин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү