29
Июнь
Олег Панкратов: Кыргызстан Шериктештикке мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына жооп берген өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар
Кыргызстан 2016-жылы КМШга төрагалык кылган өлкө катары, Шериктештикке кирген бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар, - деди Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, бүгүн, 29-июнда КМШ мамлекеттеринин Бажы кызмат жетекчилеринин 63-жыйынында жана бажы союзуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 19-жыйынында.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов бажы кызматынын жетекчилерине жана жыйындын катышуучуларына кайрылып жатып, кеӊештин кезектеги жыйыны жана бириккен коллегия Кыргызстан КМШ төрагалык кылган жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейине карата өтүп жаткандыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“Кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында анын негизги жыйынтыгы катары КМШ курамындагы ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына туура келген өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн күчөтүлүшү саналат. Жакында эле Бишкек шаарында 6-июнда, КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңеши өтүп, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды”, - деп белгиледи Олег Панкратов. Ал белгилегендей, КМШнын 25 жылдык юбилейине карата үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.
“Бүгүнкү күндө КМШ курамындагы бардык өлкөлөрү өнөктөш мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташуусунда бажы кызматы натыйжалуу механизм катары иш алып баруусуна кызыкдар. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мындай тапшырмалар бажы кызматтарынын астында турат”, - деп билдирди Олег Панкратов.
Соӊунда Вице-премьер-министр Олег Панкратов жолугушуудагы бардык катышуучуларга ЕАЭБдин курамындагы жана КМШ өлкөлөрдүн негизги интеграциялык багыттарынын бири болгон, нормативдик-укуктук базаларын бир багытта түзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү