07
Июль
КР Өкмөтү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, бүгүн, 6-июлда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси – Борбор Азиядагы ЕРӨБ аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы ЕРӨБ инвестициялык долбоорлору боюнча кызматташуу маселелери жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Тараптар электр энергетикасы жаатындагы жана кичи шаарлар менен муниципалитеттердин инфраструктураларын өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду карады. Тактап айтканда, ЕРӨБдүн «Ош электрону» модернизациялоо жана Жалал-Абад шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун катуу калдыктардан тазалоо жана реабилитациялоону каржылоо үчүн акча каражатын берүүгө даярдыгы тууралуу сөз жүрдү.
«Өкмөт жарандардын бакубаттуулугу үчүн, экономикалык өнүгүүнүн туруктуу багытына бет алуу максатында мындан аркы экономикалык абалды турукташтыруу иретинде активдүү иш алып барууга ниеттенүүдө», — деп белгилеген Олег Панкратов, кыргыз тараптын ЕРӨБ менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү