07
Июнь
2017
Омур Ногоев Чүй облусунун Панфилов райондук администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Ногоев Омур Арстанбекович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү