13
Май
Уюштуруу комитети Рио-Де-Жанейродогу олимпиадалык оюндарга кыргызстандык спортчулар үчүн параддык форманы даярдоого эскиздерди бекитүүнү тездетүүнү УОК тапшырды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүльмира Кудайбердиева бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын спортчуларын 2016-жылы Рио-Де-Жанейродо (Бразилия) өтүүчү XXXI Олимпиадалык оюндарга жана XV Паралимпиадалык оюндарга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйын жүрүшүндө вице-премьер-министрге өлкөнүн спортчуларынын келерки оюндарга даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене-тарбиясы жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата Олимпиадалык оюндарга – 12 лицензия, ал эми Паралимпиадалык оюндарга 2 лицензия жеңилип алынган, дагы 4ү тастыкталуу алдында турат.
Улуттук Олимпиадалык комитет (УОК) спортчу – грек-рим стилиндеги балбан Жанарбек Кенжеевге байланыштуу абал боюнча түшүндүрмө берди. Спортчу мельдонийди кабыл алгандыгы үчүн лицензиядан ажыратылган, мельдоний 2016-жылдын 1-январынан тарта антидопингдик тизмеге киргизилген.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча уюштуруу комитети спортчулардын лицензиялык турнирлерге катышуусу жана олимпиадага даярдык көрүү боюнча иш-чараларын каржылоо маселесин өз мөөнөтүндө чечүүнү тапшырды. Ошондой эле Улуттук Олимпиадалык комитетке Рио-Де-Жанейродогу олимпиадалык оюндарга кыргызстандык спортчулар үчүн параддык форманы даярдоого эскиздерди бекитүүнү тездетүү сунушталды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү