01

Декабрь

2017

ММКФ 113 номуру боюнча ачык ыкчам байланыш линиясы ачылды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ыкчам байланыш линиясынын ачылыш иш-чарасына катышты.

Чолпон Султанбекова Ыкчам байланыш линиясынын ачуу маселеси жарандардын ден соолугуна тийиштүү болгондуктан, абдан актуалдуу экенин белгиледи.

«Бул түзүлүш калкты госпитализациялоону ыкчам чечүүдө күчтүү инструмент болуп калаарына ишенем. Анткени буга чейин элдер жетиштүү түрдө маалымдалчу эмес. Андан тышкары дары-дармектер боюнча, өзгөчө жеңилдетилген негиздеги дармектер, ошондой эле негизсиз администрациялык тоскоолдуктар пайда болгон учурлар боюнча көптөгөн суроолор бар,» - деди Вице-премьер-министр

Чолпон Султанбекова акыркы жылдары сапаттуу медициналык кызмат кыйла жеткиликтүү болуп калганына көнүл бурду.

«Сиздер туура багытты алдыныздар жана ушул кадамдарды кеңейтүү зарыл. Биз кандай жыйынтык алышыбыз керек экенин билебиз. Мамлекет маселелерди коомчулук менен биргеликте чечиши керек», — деп белгилеп кетти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиевдин айтымында, Call – борбордун ачылышы «Жаны доорго – кырк кадам» Өкмөттүк Программасынын алкагында жүргүзүлдү.

“ММКФ Ыкчам байланыш линиясынын максаты телефон аркылуу ыкчам консультациялык жардам берүү, маалымат таркатуу тутумун уюштуруу жана өнүктүрүү болуп саналат. Бардык чалуулар 113 бирдиктүү номуру аркылуу кетип, республиканын бардык абонеттери үчүн акысыз”, - деди ММКФ төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү