27

Октябрь

2017

2017-жылдын 25-октябрында Ереван шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин билдирүүсү боюнча, Кыргы

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин  билдирүүсү, биздин пикирибиз боюнча, Казакстан Республикасынын Бажы биримдигине жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген мыйзам бузуулар менен, айрым маселелер боюнча актанууга багытталгандай болуп жатат жана  чындыкка дал келбейт.

Казак тараптын маалыматы боюнча 2014-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынан тышкары бардык Бажы биримдигине мүчө-өлкөлөрдө  Кытай Эл Республикасынан импорттолгон товарлардын көлөмүнүн төмөндөшү байкалган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 2015-жылдын 12-августунда Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгон, ал эми товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүүнү бөлүштүрүү механизми, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуудагы Келишимине ылайык 2015-жылдан октябрь айында гана ишке кирген. Мындан улам, акыркы үч жылга карата салыштырып, андан тыянак чыгаруунун өзү туура эмес.

Муну менен бирге белгилей кетсек, 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынан ташып келген импорттун көлөмү (Евразия экономикалык комиссиясынын расмий маалыматы боюнча ) 6,4% төмөндөгөн башкача айтканда 736,3 тоннадан  578,4 тоннага чейин түшкөн же бул төмөндөө 22 % түзөт.

2015-жылга салыштырмалуу  2016-жылы Кытай Эл Республикасынын келген импорттун көлөмү 12% жана нарктык мааниде 42,7% түзгөн.  Эгерде 2016-жылдагы Кытайдан келген импорттун көлөмүн 2014-жылга салыштыра турган болсок анда 12% төмөндөө байкалууда. Ушундан улам Бажылык башкаруу жагынан экономикалык биримдиктин индекс чендерди жана стандарт баасынын өсүшү Бажы союзунун Бирдиктүү бажы төлөмүн (мындан ары ЕАЭБ ББТ) киргизүү менен гана байланыштуу деп айта алабыз.

2017-жылдын 8 айында Кыргыз Республикасына КЭР кирген импорттун көлөмү 3,5% (927,6 млн долларов США) төмөндөгөнү байкалууда. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынан башка Бажы биримдигине кирген бардык мамлекеттер менен КЭР импорттун көлөмүнүн өсүшү байкалууда.  Кытай Эл Республикасынан Казакстан Республикасына импорту 35,9% (3 млрд АКШ доллары) көбөйгөн.  Ошондуктан казак тарап айткандай Кыргыз Республикасына   Кытай Эл Республикасынан келип жаткан товарлардын көлөмү көбөйгөн жок.

Өз сөзүндө Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, 2015-жылга Кытай Эл Республикасынын маалыматы боюнча алардан Кыргыз Республикасына 4,3 млрд долларлык товар экспорттолгон. Кыргыз Республикасынын маалыматы боюнча импорт 1 млрд АКШ долларды ал эми бир тарапка 3,3, млрд АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда Comtrade базасынын статистикасына ылайык, КЭР Казакстан Республикасына  экспорттолгон товардын көлөмү 8,4 АКШ долларын түзөт ал эми Казакстан Республикасына КЭР импорттун көлөмү 3,7 млрд АКШ долларына жеткен. Ошондо ортодогу айырмачылык 4,6 млрд АКШ долларын түзөт.

2016-жыл боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Кыргызстанга КЭР экспорту 5,6 млрд АКШ долларын ал эми кыргыз тараптын маалыматы боюнча импорттун көлөмү 1,5 млрд АКШ долларын түзөт. Ошондо ортодогу айырмачылык 4,1 млрд АКШ доллары болгон.

Бирок Кытай Эл Республикасынын Бажысынын маалыматына ылайык, КЭР Казакстан Республикасына экпорттолгон товарлардын суммасы 8,3 млрд АКШ долларына жеткен, ал эми салыштыруу статистикага ылайык Кытай  Эл Республикасынын Казакстан Республикасына импорту $ 3,7 млрд АКШ долларын түзүп,  башкача айтканда айырма $ 4,6 млрд АКШ доллары болууда.

Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кирип, ЕАЭБ ББТ 2000 алгандан кийин 2016-жылы «көмүскө импорт» 1,3 млрд АКШ доллары болгонун белгилеп кетүү маанилүү.

Бул бажы статистикасынын  айырмачылыктары транзиттин олуттуу таасиринен улам ташып өтүүдө эсепке алууну камсыз кылуудан болгонун белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасы Борбор Азия аймагындагы мамлекеттер менен Кытайдын соода тармагы үчүн транзиттик өлкө болуп саналары маанилүү.

Мындай алып караганда аталган маселе  Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, Казакстан Республикасы үчүн да абдан актуалдуу. Биз так көйгөйлөр Бажы биримдигинин алкагында кирген жүктөрдү көзөмөлдөө боюнча  бирдиктүү механизмин киргизүү менен чечилет деп ишенебиз. Аны менен бирге Кыргыз Республикасы толук түрдө аталган мехнизмди ишке ашырууну колдойт.

Бул жагынан алганда, биз Кыргыз Республикасы үчүн түзүлгөн күчөтүлгөн тартипти товарлардын агымына жашыруун чектөө коюу, бул Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына жана андагы негизги максаттарды ишке ашырууга дал келбей турганын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү