14

Октябрь

2017

Президенттикке талапкер Ө.Бабановдун Штабынын берген арызы боюнча

Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Штабынын берген арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда чындыгынд аэле Кайсар Абылкасымов тууралуу маалыматты окуган.  Маалымат Премьер-министр Сапар Исаковдун аймакка болгон иш сапарына жооптуу болгон  Өкмөттүн Аппаратынын кызматкери тарабынан  берилеген.

Ошону менен  бирге берилген маалымат тиешелүү кызматтар тарабынан тактала элек, Премьер-министр бул маалымат тууралуу   тийиштүү кызматтык иликтөө жүргүзүүнү буйруган.

Ошол эле учурда президенттикке талапкер Ө.Бабановдун Штабынын берген арызы түшүнүксүздүктү жаратат, буга байланыштуу Премьер-министр кайсы бир кандидаттын саясый партиялардын атын атаган эмес жана шайлоо өнөктүгү боюнча эч кандай маселени айткан эмес.

Штабдын президенттикке талапкердин шайлоо өнөктүгүнө карата терс таасирин тийгизди деген доосу эч кандай негизсиз.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү