13
Декабрь
Жарандары беш күндүк каттоо мөөнөтүнөн бошотулган өлкөлөрдүн тизмеси 2016-жылдын 19-декабрында бекитилет
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 24-октябрында «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал 2016-жылдын 5-ноябрында күчүнө кирген. Документ Жогорку Кеңештин депутаттары А.Баатырбеков, А.Нурбаев, И.Матраимовдор тарабынан демилгеленген.
Аталган Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктары ыкчам чечим кабыл алууну камсыздоо максатында кеңейтилет.
Өкмөттүн чечимдерин аталган Мыйзамга дал келтирүү максатында Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды каттоо маселеси жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыккан. Аталган токтом аркылуу Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок жактарды тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, калкты катоодон, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча катталуудан бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Чет мамлекеттердин тизмеси бекитилет.
Токтом долбоору Өкмөттүн сайтында 2016-жылдын 18-ноябрында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган. «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, ченемдик-укуктук актылар долбоорун талкуулоо мөөнөтү бир айдан кем эмес саналат. Тийиштүү түрдө жогорудагы Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкуу процедурасы жыйынтыкталган соң, тактап айтканда, 2016-жылдын 19-декабрында кабыл алынат.
Натыйжада, жарандары беш күндүк каттоо мөөнөтүнөн бошотулган 90 ашуун өлкөнүн тизмеси бекитилет. Аларга Кыргыз Республикасынын визасыз режими жөнүндө мыйзамына ылайык нормалар жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү