16

Май

2017

«Таза Коом» долбоорунун алгачкы жыйынтыктары 2017-жылдын октябрь айында көрүнөт

«Таза Коом» долбоорунун алгачкы жыйынтыктары 2017-жылдын октябрь айында көрүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда, маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Шаршембиев билдирди.

Бакыт Шаршембиев «Таза Коом» долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан демилегенгенин белгиледи. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын 2014-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясынын планында негизги орунду ээлейт.  «Таза Коом» жарандардын мамлекеттик органдар менен болгон байланышын азайтып, чечимдерди кабыл алуу процессин өзгөртөт жана бизнести өнүктүрүүгө тоскоол боло турган бизнес-коомчулугундагы тоскоолуктарды азайтат.

«Долбоор мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жараяндарды өзгөртүү менен жарандык коомдун жана бизнес-структураларга багытталган. Учурда «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууга стимул боло турган төрт мыйзам долбоору иштелип чыкты. «Таза коом» долбоорунун мыйзамдык бөлүгү 2017-жылдын 1-июлунда даяр болот», — деди Бакыт Шаршембиев.

Анын айтымында «Таза Коом» долбоорунун түзүмү бекитилип, андагы кеңештин 8 мүчөсү бар. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын премьер-министри, тең төрагасы болуп — Кыргыз Республикасынын президенттинин Аппаратынын жетекчиси эсептелет. Ошондой эле курамына жарандык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү да кирет.

«Таза Коом» кеңешинин чечими бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.  «Таза Коом» долбоорунун негизги милдети — ар бир жарандын ресурстарга, маалыматтарды сактоого, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу.

Аткаруу органы болуп, электрондук башкаруу тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган эсептелет. Ошол эле учурда чет элдик жана жергиликтүү эксперттерден турган, донордук каражаттардан каржылана турган эксперттик-аналитикалык топ түзүлөт.

Бакыт Шаршембиев ар бир мамлекеттик органдардын ар башка өнүгүү деңгээли бар экенин, бардык долбоорлор боюнча чоң иштер жасалып жатканын билдирди. Ал азыркы тапта  «Таза Коом» долбооруна кирген 9 долбоор боюнча иштер жүрүп жатканын жана бул сандар кийин алмаша турганын да кошумчалады. Долбоорду ишке ашыруу эл аралык өнөктөштөр тарабынан инвестициянын жардамы аркылуу каржыланат, алардын көрчүлүгү бүгүнкү күндө кызыкдар экенин билдиришти.

Төлөө боюнча маалымат берип, Бакыт Шаршембиев учурда  «Бирдиктүү төлөм» мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады. Өлкөнүн банктары менен маселе иштелип чыгып, учурда анын бири пилоттук мөөнөттө иш алып барууда.

«Премьер-министрдин тапшырмасы менен ушул жылдын февраль айына чейин ар биринде ченемдери жана эрежелери иштелип чыккан 21 мамлекеттик  тейлөө иштелип чыккан. Бул багытта иштер жүрүүдө.  Кыска мөөнөттүү долбоорлордун бири болуп, жарандар ар кайсы мамлекеттик органдарга барбай турган 10-15 документтерди кыскартып, автоматтык түрдө ала турган долбоор эсептелет», — деди Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасы Бакыт Шаршембиев.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасы билдиргендей, ушул жылдын май айынын аягында БУУнун баш катчысынын катышуусу менен донордук маалымат жыйыны пландалууда. Аталган иш чарага IT-технология жаатындагы ири донордук  өкүлчүлүктөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

Бакыт Шаршембиев маалымдагандай  Digital CASА долбоору «Таза Коом» долбоорунун башталышы болуп эсептелет. Буга республикада  эки DATA борбордун курулушун бүткөрүү иштери кирген. Андагы маалыматтар он-лайн режиминде нускаланып, бири Чүй облусуна экинчиси түштүк облустардын бирине курулат. Бир  DATA борборду куруу 9,5 млн. АКШ долларын түзөт.

Digital CASА — көп бөлүнгөн жана техникалык жабдууларды орнотуу менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн-оптикалык байланыш аркылуу өлкөдөгү жана байланыш боюнча берүү линиясын куруу болуп саналат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү