26
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев: «Айрым акимдер мурда ачылган мекеме-ишканаларды 2015-жылы ачылган деп маалымат беришти»
Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев маалымат берди.
«Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 2015-жылы 15 ишкана ачылды. Алардын бири экономикалык талаптарга ылайык салынган «Агропродукт Азия» логистикалык борбору. Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда 11 мекеме ишке кирди. Алардын бири картошканы кайра иштетип, крахмал өндүрүүчү заманбап ишкана. Катаал жаратылыш шартына карабай Нарын облусунда да бир нече мекеме-ишканалар ачылды. Ак-Талаа жана Жумгал районунда үчтөн ишкана, ал эми Ат-Башы районунда заманбап ветеринардык клиника ишке берилди.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Лейлек районунун акими Арипов Тилеберди райондо бир нече ишкана ачылгандыгы тууралуу маалымдаган. Текшерүүлөрдөн кийин, алардын төртөө буга чейин эле иштеп келатканы белгилүү болгон. Базар-Коргон районунун акими да мурда ишке кирген 7 обьекти 2015-жылы ачылды деп маалымат берген. Ошондой эле Сузак районунун акими да буга чейин иштеген 8 ишкананы жаңы ачылды деп кабарлаган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү