14

Декабрь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бангладештин Президенти Абдул Хамид менен жолугушту

Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бангладеш Элдик Республикасынын Президенти Абдул Хамид менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-бангладеш кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар жеңил өнөр жай тармагындагы кызматаштыктын келечегин талкуулады. Өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында саясий байланыштарды жайгаруу жана чыңдоо зарылдыгы тууралуу өз-ара түшүнүшүүгө жетишилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү