14
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү
Стамбул шаарында бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү.
Ислам Саммити Иерусалим шаарынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн чакырылган.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Аль-Кудс шаарынын укуктук жана тарыхый макамынын тегерегиндеги чыңалууга байланыштуу терең бушаймандыгын билдирет, өз кезегинде ал эл аралык кызматташтыкка жана эл аралык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк коомчулуктун конструктивдүү жетишкендиктерин, анын ичинде БУУ жана башка эл аралык институттардын аталган багыттагы ишин солгундатып, Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалуусуна алып келүүсү ыктымал.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы белгилегендей, Аль-Кудс Аш-Шариф (Иерусалим) шаарынын макамына байланыштуу бардык чечимдер эл аралык укук ченемдерине жана БУУ Коопсуздук кеңешинин тийиштүү резолюцияларына жооп берүүсү тийиш. Ыйык шаардын макамына карата терең ойлонулган чечимдин кабыл алынышы гана жакынкы чыгыштагы тынчтык процессинин келечегин чийип салбоого мүмкүндүк берет.
Буга байланыштуу эл аралык коомчулук өз күч-аракетин аталган маселеде, ириде, БУУ Башкы Асамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциясына дал келген акыйкат чечимге жетишүүгө багыттоосу тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү