04
Март
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов курулуш тармагында «Бирдиктүү терезе» ишин оптимизациялоону киргизүү даярдыгы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда курулуш тармагында «Бирдиктүү терезе» ишин оптимизациялоону киргизүү даярдыгы менен таанышуу өттү.
Таанышуунун жүрүшүндө Мамархитектуранын директору Бактыбек Абдиев курулуш тармагында «Бирдиктүү терезе» программасынын оптималдаштырылган шарттарын сунуштады. Анын айтымында, «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу, курулуш тармагындагы уруксат процедураларын оптималдаштыруу, курулуш чөйрөсүндө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.
Биринчи вице-премьер-министр, мамлекеттик агенттиктин аткарган иши менен таанышкан соң белгилегендей, Мамархитектура тарабынан долбоорлоо жана курулушка документтерди берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун негизги критерийи жана чечимдери катары мөөнөтүн 180 күндөн 33 иш күнүнө кыскартуу болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» ишин оптималдаштыруу процессинин жаңы шарттары курулуш чөйрөсүндөгү уруксат берүү процедураларын жеңилдетип, ички гана эмес, тышкы инвесторлор үчүн дагы курулуш тармагында ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Белгиленгендей, учурда экспертизалардын ар кандай түрлөрү бар, Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык, түрдүү министрлик жана ведомстволор тарабынан өткөрүлөт, аларга буйрутма ээлери курулушка уруксат алуу үчүн өздөрү кайрылышат. Бул процесс 180 күнгө чейин созулат. Ал эми «Бирдиктүү терезе» ишин оптималдаштыруу комплекстүү экспертиза жана долбоордук-сметалык документтерди электрондук кабыл алууну киргизүү жолу менен адамдык фактордун таасирин максималдуу жоет жана мөөнөтүн кыскартат. Натыйжада, долбоорду колдоо үчүн экспертизада долбоордо аныкталган каталарды оңдоого кеткен убакытты кошпогондо 33 күн кетет.
Андан соң биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек башкы архитектура ишканасынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты, мында ага бөлүмдүн ишиндеги жаңычылыктар тууралуу айтып беришти жана иштелип чыккан программаны сунушташты.
Бул программа билдирмелерди электрондук түрдө кабыл алууну жана аларга атайын VPN-канал акрылуу көзөмөл жүргүзүүнү шарттайт, натыйжада документтерди ар башка кызматтарга ташуу зарылдыгы жоюлат, мурда ошол эле шарттарды алуу үчүн жана инженердик түйүнгө кошууга убакыт кетчү.
[su_carousel source="media: 129976,129977,129978,129979,129980,129981,129982" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү