23

Октябрь

2018

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кышкы жылуулук мезгилин туруктуу өтүүнү камсыздоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2018/2019 күз-кыш жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга күз-кыш мезгилин туруктуу өтүүнү камсыздоого байланыштуу маселелерге бардык жоопкерчилик менен мамиле кылууну тапшырды.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында кардарларды жылуулук тутумуна кошуу иштери башталды.

«Бишкек жылуулук түйүнү» ААК жана «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын  маалыматы боюнча дээрлик бардык кардарлар, анын ичинде медициналык мекемелер, бала бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлар жана турак үйлөр борбордук жылуулук тутумуна кошулган. Түйүндөрүндө бузуулары бар, өз жылуулук тутумдарын оңдоодон өткөрүп жаткан ведомстволук кардарларга же кечирээк кошулууну каалагандарга тең салмактуулук чегине дейре жылуулук берилди. 19-октябрга карата «Кыргыз жылуулук энерго» МИ 131 буу казанынын ичинен 49 буу казаны кошулган», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр, маселенин социалдык маанилүүлүгүн белгилөө менен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте республиканын бардык шаарларындагы кардарларды жылуулук тутумуна кошууну тапшырды.

Ошону менен бирге белгиленгендей, 2018-жылдын январь-сентябрында авариялык өчүрүүлөрдүн саны 6-10 кВ түйүндөрдө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9% (2018-жылы 3898 өчүрүү катталган, 2017-жылы – 4376 өчүрүү) кыскарган.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле өлкөнүн бюджеттик уюмдарынын жана калкынын жылуулук мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат угулду.

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, жылуулук мезгилинин негизги объектилеринин бири катары Бишкек шаарынын ЖЭБ саналат.

«Биздин башкы максатыбыз – стнациянын жабдууларынын иштен чыгуусуна жол бербөө, күн сайын анын туруктуу ишин камсыздоо. Буга байланыштуу энергетикалык компаниялардын жетекчилерине жылуулук мезгилинде энергетикалык жабдуулардын жана электр түйнүдөрүнүн авариялык өчүрүүлөрүн азайтуу боюнча таасирдүү чараларды кабыл алууну тапшырам», - деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине кыш мезгилинде унаа жолдорунун, айрыкча тоолордогу жана ашуулардагы жолдордун абалын күн сайын көзөмөлдөөнү камсыздоону (себеби суук түшкөндө жана жаан-чачын болсо транспорт кыймылы кыйындайт) тапшырды.

«Жылуулук мезгили жаңы гана башталды жана биз анын туруктуу өтүшүн камсыздоого тийишпиз. Буга байланыштуу Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кыска мөөнөттүн ичинде энергетикалык компаниялардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспециясынын жетекчилиги менен биргеликте жумушчу топторду түзүүгө тийиш. Жумушчу топтор жылуулук менен камсыздоо объектилеринин даярдыгына, жылуулук мезгили бою электр, жылуулук энергиясы жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого, жетүү кыйын жана алыскы жерлерде жашаган жарандар үчүн отун базаларында көмүрдүн жеткиликтүү баада болушуна, калктын аярлуу катмарларын көмүр менен камсыздоого мониторинг жүргүзөт», - деп жыйынтыктады Кубатбек Боронов.

[su_carousel source="media: 124712,124713,124708,124710,124711,124714" link="attachment" title="no"]

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү