21

Июнь

2016

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев: Кыргызстанда интернет-индустрия динамикалуу түрдө өнүгүүдө

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 21-июнда, CAIGF-2016 аталышындагы Интернетти башкаруу боюнча  Борбор Азиялык форумдун ишине катышты.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү интернетти башкаруу боюнча мамлекеттик саясат маселелерин талкуулоого мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, интернет-индустрия өкүлдөрү жана киберкоопсуздук маселелери боюнча эл аралык эксперттер катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө тыкыр көңүл бурууда. «Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда интернет-индустрия динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Биздин өлкөнүн 90 % аймагын уюлдук байланыш тармактары ээлейт. Акыркы жылдары телекоммуникация жана маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар тармагынын өнүгүүсү байкалууда, ИДПнын жалпы көлөмүндөгү анын үлүшү 8% дейре жетти», - деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, онлайн мүмкүнчүлүгүнүн өсүүсүнө карата көзөмөлдүн жоктугу ар кандай тармактарда,  анын ичинде мамлекеттик коопсуздук тармагында  кибер кылмыштуулуктун кескин жогорулашына алып келүүсү ыктымал.

Буга байланыштуу, анын пикиринде, мамлекеттин астында маалыматтык рынокту жөнгө салууда жаңы милдеттер турат.

“Ааламдашуу маалында бул өзгөчө акуалдуу маселе, көптөгөн мамлекеттердин астында дүйнөлүк масштабда кызыкдар тараптардын биргелешип аракеттенүүсү боюнча чакырыктар турат. Бул багытта ийгилик өз ара аракеттенишүүдөн, биригүүдөн жана координациядан көз каранды”-деп белгиледи  Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды чечүү, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык рынокту өнүктүрүү багытында маалымат жана байланыш тармагындагы бардык суроолорго жоопкер бирдиктүү адистештирилген органды түзүү чечими кабыл алынды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү