18
Май
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Араб ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 16-майда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында өтүп жаткан Ислам Өнүктүрүү Банкынын 42-жыйынына катышты. Жыйындын алкагында Ислам Өнүктүрүү Банкынын вице-президенти Саед Ага, араб экономикалык өнүгүү тармагы боюнча Кувейт Фондунун операциялык маселелер боюнча директору Марван Аль-Ганем жана ОПЕК фондунун өкүлү Фуад Аль-Базам менен жолукту.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргызстанда 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясы иштелип жатканын айтып, анын алкагында бир топ ири экономикалык долбоорлор пландалып жатканын белгиледи.
Жолугушууда тараптар транспорт, энергетика, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду талкуулашты. Араб ишкерлери жогорудагы тармактар боюнча Фонддун планындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыздарын башкаруу стартегиясынын шарттарына ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн араб фонддорунун грант-элемент багыты боюнча үлушүн жогорулатуу тууралуу суроо көтөрулдү.
[su_carousel source="media: 94990" limit="60" link="image" title="no"][su_custom_gallery source="media: 94757"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү