08

Октябрь

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев көзөмөлдөө-өткөрмө пункттардын жана Чүй облусундагы бир катар инфраструктуралык объектилердин иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 8-октябрда, Чүй облусу боюнча бир күндүк иш сапарынын жүрүшүндө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Кең-Булун» жана «Токмок» көзөмөлдөө-өткөрмө пункттарынын иши менен таанышып, Чүй облусундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, «Ак-Тилек» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктундагы реконструкциялоо иштерине байланыштуу «Кең-Булуң» пунктуна күч келүүдө.

«Буга катар «Кең-Булуң» өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштерине даярдыктар башталды. «Токмок» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунда модернизациялоо иштери толук кандуу жүрүүдө, аны жыл соңуна дейре жыйынтыктоо пландаштырылууда. Көрсөтүлгөн өткөрмө пункттарды модернизациялоо биз үчүн чоң мааниге ээ, анткени, алар Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдиги ортосундагы тышкы чектери болуп саналат.

Муну эске алуу менен өткөрмө пункттарды модернизациялоо боюнча иштер өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүлүшү тийиш», – деп белгиледи ал.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Чүй районунун Искра айылындагы «Искра Азия» ААКга барды. Канаттуулар фабрикасы 2010-жылы кыргыз-кытай өкмөт аралык келишиминин негизинде уюштурулган. Ишкана суткасына 24 миң балапан чыгарат, алар жалпы республика боюнча сатылат. Учурда продукцияны Кытайга экспорттоо маселеси каралууда.

Фабриканын өндүрүш аянты менен таанышып чыккан соң Мухамметкалый Абулгазиев өндүрүштүн темпин жана продукциянын тышкы рынокко чыгарылышын тездетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Чу дайрасындагы суу каналынын жыйынтыкталбаган курулушун көрдү жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын башкы суу топтоочу жайынын иши менен таанышты.

Аталган обьектилерди кыдырып чыгуунун соңунда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү