11

Февраль

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Авиа кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда  болгон «Боинг-747» авиа кырсыгынын себептерин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, авиа кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Бүгүнкү күндө авиа кырсыктан жабыркаган 12 үй-бүлө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына бардык шарты бар убактылуу жашаоочу батирлерге көчүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, КР ӨКМ жабырлануучуларга жардам берүүчү атайын эсебине 82 млн 920 миң 233 сом которулду. Аталган эсеп жарандардан акчалай каражат түшүп жаткандагына байланыштуу ачык турат.

Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөт авиа кырсык боюнча КР ӨКМ эсебине түшкөн каражатты максаттуу пайдаланууну  жеке көзөмөлүнө аларын баса белгиледи.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бүгүнкү күндө кырсыктан жабыркаган 11 жаран стационардык дарыланууда, алардын: Бишкек травматология жана ортопедия илик изилдөө борборунда 1 адам, Кыргыз илим изилдөө жана ден-соолукту калыбына келтирүү борборунда 7 адам, №2 шаардык төрөт үйүндө 1 адам, республикалык психикалык ден-соолук борборунда 2 адам адам жаткырылды. Дарылангандардын бардыгынын абалы канаттандырарлык, керектүү медициналык жардамдар убагында берилүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркагандарды акыйкаттуу, дүйнөлүк практикада кабыл алынгандай нормалар менен компенсация төлөп берүү эң негизги милдет экенин билдирди.

[su_carousel source="media: 89867,89868,89869,89870,89871,89872" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү