12
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Республикалык штабдын ишин жыйынтыктады
Шайлоо жанан референдум ачык, олуттуу мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен болгон он-лайн режиминдеги жыйынтыктоочу селектордук кеңешменин жыйынтыгында билдирди. «Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум өттү. Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чыгарат. Шайлоо жана референдум тийиштүү уюшкандык деңгээлинде өттү. Муну Кыргызсатанга добуш берүүнүн жүрүшүнө көзөмөл кылуу үчүн келген эл аралык байкоочулар дагы белгилешти», - деди биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев райондук мамлекеттик администрация башчыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаар башчыларына добуш берүү өнөктүгүн тийиштүү дегээлде уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында 22 шаардык, 389 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында түзүлгөн Республикалык штаб иштеди. Аталган буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорунда, райондордо жана айыл округдарда тиешелүү штабдар иш алып барышты. Республикалык штабдын “119” номурлуу call-борбору саат таңкы 07:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеди.
[su_carousel source="media: 86622,86623,86624,86625,86626"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү