16
Март
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү варианттарын кароого киргизүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда кулаган «Боинг-747» учагынан жабыркаган жарандар үчүн ачылган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Биринчи вице-премьер-министр КР ӨКМ атайын эсеби 2017-жылдын 15-мартында жабылганын, жалпы болуп 96 млн. 532 миң 026 сом 61 тыйын чогулганын билдирди.
Мухамметкалый Абулгазиев акчалай каражатты бөлүштүрүүгө Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, авиа кырсыктан жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары катыша турганын кошумчалады. Жыйында Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү каражатты бөлүштүрүү тууралуу өз сунуштарын айтышты.
Биринчи вице-премьер-министр Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнө КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү варианттарын кароого киргизүүнү тапшырып, бөлүштүрүү процедуралары так жана ачык болушун баса белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев биринчи кезекте аткарылуучу тапшырма – ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын маселесин, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январындагы авиа кырсыктан жабыркагандарга атайын эсеп ачуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган.
[su_carousel source="media: 91466,91467,91468,91469,91470,91471" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү