29

Апрель

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү болгон Аюу айылына барды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 29-апрелде, Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл округуна караштуу жер көчкү болгон Аюу айылына барды, кырсык жети үй-бүлөнү басып калган, алдын ала маалыматтарга караганда ал жакта 24 адам бар.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев масштабдуу кырсык болгон жерге барып, издөө-куткаруу иштеринин жүрүшү менен  таанышты.

«Азыр бардык күч табигый кырсыктын кесепетин жоюуга жумшалууда, издөө-куткаруу иштерине бардык керектүү техникалар жетиштүү», — деди Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Азыркы тапта кырсык болгон Аюу айылында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов башында турган оперативдүү штаб иштеп жатат. Кырсыктан жабыркаган жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча дарыгерлердин үч бригадасы иш алып барууда. Мындан сырткары Ош шаарынан психиатр дарыгерлердин тобу кырсыктан каза болгондордун жакындарына психологиялык жактан жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти.

Дары-дармек каражаттары жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн биринчи керектүү нерселердге муктаждык жок, бардыгы жетиштүү.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү