28
Январь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Өкмөт «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга бардык тийиштүү көмөк көрсөтүү милдетин алат
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 27-январда, Чүй облусунун Сокулук районундагы «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандар жайгаштырылган «Семетей» мейманканасында министрлик жана ведомство жетекчилери менен көчмө кеңешме өткөрдү.
Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, учурда токтоосуз чечимди талап кылган негизги милдеттердин бири – кырсыктан жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо жана алардын документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги кырсыктан жабыркаган жарандарга документтерин акысыз жана ыкчам тартипте алуусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттенишет. Мындан тышкары, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараптан тийиштүү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды дайындоосу боюнча тапшырма берилген.
«Өлкөдө болуп өткөн кырсык жалпыбызга бирдей, ошондуктан биз жабыркагандарды өз көйгөйү менен калтырып койбойбуз. Мамлекет бардык тийиштүү жардамды көрсөтөт, бул – биздин милдет. Учурда жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо маселеси чечилгиче, алар үчүн убактылуу жашоочу жай изделүүдө. Анын бир варианты катары «Манас» айылы каралууда, анткени балдар өз мектептеринде билим алуусун үзгүлтүксүз улантышы керек», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Кеңешменин жүрүшүндө «Семетей» мейманканасында жайгашкан жабыркагандар аталган сунушту колдоого алып, ушул чечим алар үчүн ыңгайлуу болоорун билдиришти. Ошондой эле алар авиакырсык орун алган күндөн тарта алардын жанында болгон куткаруу кызматына жана дарыгерлерге көрсөтүлүп жаткан көмөк үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев маалымдагандай, ведомство кызматкерлери алгачкы күндөн тарта ар-бир жабыркаган жарандын өздүгүн тактоо боюнча тийиштүү иштерди аткарууда жана бүгүнкү күнгө карата алардын көпчүлүгү өз паспортторун калыбына келтире алды. Мындан тышкары, МКК кызматкерлеринен турган атайы мобилдик топ иш алып барууда, алар оорулуу жана жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок жабыркагандардын турак-жайына барып, бардык документтерди калыбына келтиришет.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тараптан ата-эне камкордугусуз калган балдардын келечегин камсыздоо жана аларга көмөк көрсмөтүү боюнча бардык күч-аракет жумшалат. Ал кошумчалагандай, жабыркагандар Өкмөт Аппаратынын, министрлик жана ведомство өкүлдөрүнө бардык көйгөйлөрү боюнча кайрыла алышат, ал маселелер көзөмөлгө алынат.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев дарыгерлер жана психологдор тарабынан тийиштүү медициналык жардам көпрсөтүү иши улантылаарын билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдиктүү эсебине келип түшкөн каражаттар ачык айкын, калыс бөлүштүрүлөөрүн билдирди.
Ал маалымдагандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пукнкттарына калктан келип жаткан гуманитардык жардамдар 2017-жылдын 1-февралында аяктайт, 11-февралдан тартып гуманитардык жардамдар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бөлүштүрүлөт. Ачык жана калыс бөлүштүрүү процессине жабыркагандар өздөрү, аксакалдар, жаштар жана башка тараптар тартылат.
Жыйындын соңунда белгиленгендей, Дачи-Су айылындагы жарым-жартылай бузулган, чатыры талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн турак-жайлардын ээлерине шифер жана башка курулуш материалдары берилген.
Ошондой эле кырсык болгон жайда таштандыларды, төгүлгөн керосиндин жытын тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү