23
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын борбордук аппаратына төрага Медетбек Айдаралиевди тааныштырды.
Мухамметкалый Абулгазиев Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги ведомствого жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшаарына ишеним билдирди. Ал жаңы жетекчиликке жана жамаатка ийгиликтерди жана ырааттуу ишти каалады.
Белгилесек, бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү