06
Апрель
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бир катар кытай компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бир катар кытай компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жыйынга Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа катышты.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кытай Кыргызстан үчүн достук мамиледеги коңшу өлкө жана ишенимдүү өнөктөш мамлекет экендигин билдирди.
«Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык өлкө жана өлкөнүн улуттук экономикасына инвестиция тартууга кызыкдар. Биз өз өлкөбүздө бардык ишкерлерге, анын ичинде чет элдик инвесторлорго мүмкүн болушунча жагымдуу шарт түзүүгө аракет жасайбыз. Биздин эки өлкө ортосундагы достук мамилебиз бири-бирин түшүнүү жана сыйлоо максатын көздөйт, андыктан биз экономикалык тармак боюнча кызматташууну көздөйбүз», — деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, Кытай Кыргызстан менен кызматташууну жогору баалай турганын жана мындан ары да алакаларды бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
«Биз экономиканын бардык тармактары боюнча өзгөчө айыл чарба, транспорт инфраструктурасында кызматташууга даярбыз. Кытай ири сиздер менен долбоорлорду бирге талкуулоого жана аны ишке ашырууга даяр. Кытай биздин мамилелер мындан да жогорку деңгээлде болушуна кызыкдар. Биз жетишилген ийгиликтер менен эле токтоп калбастан, мындан ары да активдүүлүктү күчөтүүнү көздөйбүз», — деди Элчи.
Жолугушууда кытай компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстандагы өнөр жай, энергетика жана жол курулуш тармагындагы өздөрүнүн иштеп жаткан ири долбоорлору тууралуу маалымат берди.
Тараптар мындан ары экономикалык багыттагы эки тарапту кызматташуунун алкагында биргелешип иш алып баруу маселелерин талкуулашты.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн дайыма инвесторлорду колдой турганын жана алар үчүн ачык экенин баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 92446,92447,92448" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү