20
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев борбор калаадагы базарлардын бириндеги башаламан эт сатуу фактысы боюнча жыйын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 20-декабрда, Бишкек шаарындагы Ош базарында башаламан эт сатуу фактысы боюнча жыйын өткөрдү.
Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин кызматташуусунун алкагындагы негизги маселелердин бири болуп ветеринардык коопсуздук маселеси саналат. Буга байланыштуу Биринчи вице-премьер-министр борбордук базарларда сапатсыз эт сатуу фактыларына жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
«Ачык айта кетүү керек, мындай фактылар тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин жоопкерчиликсиз жана кош көңүл мамилесинен улам болуп жатат. Өкмөт тарабынан күн сайын кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу боюнча тынымсыз иштер жүрүүдө. Бирок мындай фактылардын орун алуусу ишке чоң тоскоолдуктарды жаратууда», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Аны менен бирге Биринчи вице-премьер-министр ушундай факты катталган базарларга этти дүңүнөн алып келүүчүлөргө жана базар ээлерине катуу талап коюу зарылдыгын эскертти.
«Аталган маселени чечүүдө тутумдуу мамиле талап кылынат. Ошондуктан этти башаламан сатуу фактысын жоюу боюнча комплекстүү иш чараларды жургүзүү зарыл. Бул маселени чечүүдөн биздин калктын ден-соолугу түздөн-түз көз каранды», - деп баса белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.
Биринчи вице-премьер-министр Ички иштер министрлигине, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана Бишкек шаарынын мэриясына Ош базарындагы башаламан сатылган эт жана ал жакка этти мыйзамсыз киргизүү фактысына тиешеси бар жетекчилерди аныктоо, алардын жоопкерчилигин жана кызматына дал келүүсү боюнча маселени бир жума ичинде иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
«Өзүнүн кол астында иштегендердин мыйзамсыз аракетин жашыруу фактылары болсо, тиешелүү жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартылат. Коомчулук мындай фактылар боюнча ким жоопкерчиликке тартылганын билиши керек», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.
Биринчи вице-премьер-министр буга чейин Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине заманбап мал соючу цехтерди куруу боюнча бир нече ирет тапшырмалар берилгенин эскертти. Мухамметкалый Абулгазиев бул багытта министрликтин иши канаттандырарлык эместигин белгиледи. Андыктан аталган министрликке кыска убакыт аралыгында Өкмөткө республиканын бардык аймактарында талапка жооп бергидей заманбап мал союу цехтерин ачуу боюнча деталдык иш-чаралар планын алып кирүүнү тапшырды.
Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле «Кемин» жана «Сосновка» өткөрүү пункттарында мыйзамсыз эт алып өтүү фактыларын ачыктоо жана ага жол бербөө боюнча текшерүүнү күчөтүүнү жана колбаса цехтериндеги ветеринардык жана фитосанитардык нормалардын сакталашын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 86946"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү