03

Август

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы укук бузуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 2-августта, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба тармагындагы укук бузуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жаратылыш байлыктарын эффективдүү колдонуу, өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсү болуп саналарын баса белгиледи. «Жаратылыш байлыктарын эффективдүү пайдалануу калктын турмушун жакшыртууга түздөн-түз таасир этет. Экономиканы өнүктүрүп, өндүрүштү күчөтүү менен катар, табиятка аяр мамиле жасап, андагы байлыктарды рационалдуу пайдаланууга да көңүл буруу зарыл», — деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Мындан улам, Биринчи вице-премьер-министр бул тармактагы иштерди аткарууда мыйзамдуулукту сактоону күчөтүп, уруксатсыз токойлорду кыюуну жана мыйзамсыз аң уулоону, аны менен катар жаратылыш коруктарында мыйзамсыз иштерге барууну токтотууну эскертти. Акыркы эки жылда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлектетик агенттиги укук коргоо органдарына өз тармагындагы мыйзам бузуулар тууралуу жалпы суммасы 19 млн сомду тузгөн 180 ишти өткөрүп берген.

Биринчи вице-премьер-министр Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигиндеги айрым терс көрүнүштөргө токтолду. Ал тармактагы ар бир кызматкреди өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жана эл аралык долбоорлор менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле тармакта коррупциялык иштерди азайтуу боюнча уюшулган иш чараларды өткөрүү зарылдыгын эскертти.

Мухамметкалый Абулгазиев курчап турган чөйрөну коргоо жана жаратылыш байлыктары тууралуу маселе жакын арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында карала турганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү