14

Июнь

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 14-июнда, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Тактап айтканда, кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда орун алган өзгөчө кырдаал талкууланды.  Аталган окуянын кесепетинен Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда газ ташуучу унаа жарылып, адамдар курман болгон.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, акыркы кездерде коопсуздук техникасы сакталбагандыктан мындай фактылар күч алган. «Бүгүнкү күндө май куюучу жана газ толтуруучу жайлар, ошондой эле көчмө унаа газ толтуруучу жабдуулар турак-жайларга жана коомдук имараттарга жакын жайгашкан. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаратууда. Мындай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында аталган жайлардын ишмердүүлүгүн ирээтке келтирүү зарыл», - деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Буга байланыштуу Биринчи вице-премьер-министр Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кыска мөөнөттө бардык стационардык жана көчмө унаага май куючу жана унаага газ толтуруучу станциялардын техникалык коопсуздук нормаларын сакталышын текшерүүгө алууну тапшырды.

Буга катар Мухамметкалый Абулгазиев аламдар көп чогулчу базардагы абалга да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. «Өлкөнүн базарларындагы өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө максатында техникалык коопсуздук нормалардын бузулушун ачыктоо жана алдын алуу ишин өткөрүү зарыл», - деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.

Ошондой эле стационардык жана көчмө унаага май куюучу жана унаага газ толтуруучу станциялардын ишин тартипке келтирүү жаатындагы бардык ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү