24

Январь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев «Боинг-747» авиа кырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев  бүгүн,  23-январда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи-СУ айылында 16-январда орун алган  «Боинг-747» учагынын авиа кырсыгынын себептерин иликтөө үчүн Өкмөттүк комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей,  бүгүнкү күндө чече турган  башкы маселе  ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын кийинки тагдыры жана авиа кырсыктын натыйжасында жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи кезекте Дачи-СУ айылындагы үйлөрдүн бөлүгүн, талкаланган  чатырларын калыбына келтирүү үчүн  жакынкы күндөрү шифер берүү зарылдыгын билдирди.

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов  бардык зарыл болгон иш чаралар ыкчам тартипте жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын сөзүнө караганда, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдиктүү эсебине болуп өткөн авиа кырсыктын натыйжасында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 20 млн сомго жакын каражат келип түшкөн. Мындан тышкары  калктан жана жарандык коомдон азык-түлүк, жылуу кийим жана башка алгачкы керектелүүчү буюм-тайымдар түрүндө көптөгөн гуманитардык жардамдар келүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө медициналык мекемелерде 19 жабырлануучу бар  жана аларга зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Алардын абалы канааттандырарлык жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркагандарга  гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү калыс жана ачык-айкын болуусун жана бул иш менен айыл өкмөттөрү алектениши керектигин баса белгиледи.   Мухамметкалый Абулгазиев тийштүү мамлекеттик органдарга гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү  боюнча  жана туруктуу жашаган жери аныкталбаган жабыркагандарды  убактылуу турак-жай менен камсыздоо маселелерин көзөмөлгө алууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине орун алган авиа кырсыктан улам бүгүнкү күндө  ата-энесинин камкордугусуз, анын ичинде  мектепке барбай калган балдардын абалы боюнча маселени иликтөөнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү