11
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда. Бизге өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларынан ыкчам маалыматтар келүүдө, алардын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынууда», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-декабрда, Өкмөт үйүндө өткөн басма сөз жыйынында.
Басма сөз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевдер шайлоочуларды идентификациялоо боюнча техникалык жабдуулардын иши, коомдук тартипти камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, шайлоо участокторун электр энергиясы, жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
[su_carousel source="media: 86566,86567,86568,86569,86570,86571,86572"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү