11

Декабрь

2016

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Эртең мененки саат 8:00дө шайлоочулар добуш берүүсү үчүн бардык шайлоо участкалары ачылды

Өлкөнүн бардык аймактарында бүгүн, 11-декабрда, эртең мененки саат 8:00дө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү боюнча бардык шайлоо участкалары ачылды, - деп билдирди штабдын селектордук жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри,  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев.

Селектордук жыйында он-лайн режиминде Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана шаар мэрлери добуш берүү өнөктүгүнө шайлоо участкаларынын даярдыгы тууралуу маалымат беришти.

Алардын маалыматына ылайык, өлкөдөгү бардык шайлоо участкалары атайын тийиштүү техникалар менен жана үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук менен толук камсыз болуп, добуш берүүгө даяр.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өтүп жаткан иш чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, эгерде кандайдыр бир күтүлбөгөн абал жаралса, максималдуу ыкчам түрдө маселени чечүү тууралуу аймактык жетекчилерге тапшырма берди.

Биринчи вице-премьер-министр бүгүн добуш берүү күнү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн республикалык штаб иштей турганын эскертти. Аталган буйрукка ылайык, республиканын бардык аймактарында, райондорунда жана айылдык округдарында тиешелүү штабдар ачылган.  Мындан сырткары добуш берүү күнү саат 7.00дөн  20.00гө чейин республикалык штабдын «119» номери боюнча call-борбор иштейт.

«Республика боюнча добуш берүү күнү коомдук тартипти сактоо боюнча 9 миң укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барат», - деди Мухамметкалый Абулгазиев.

[su_carousel source="media: 86539,86540,86541,86542,86543,86544"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү