05
Август
Мухамметкалый Аблгазиев: Тамчылатып суугаруунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүү, айыл чарба тармагын көтөрүүгө зор салым кошот
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Тамчы Кенч» жоопкерчилиги чектелген ишкананын тамчылатып суугаруу ыкмасын колдонуп жаткан эгин талааларындагы түшүмдүүлүк менен таанышты.
«Тамчы Кенч» ишканасы эки жылдан бери жүздөгөн гектар аянт жерлерди тамчылатып суугаруу ыкмасы менен иштетип, мурдагыга караганда 3-4 эсе көп түшүм алууда. Былтыр Ысык-Ата районунда тамчылатып суугаруу аянты 120 миң гектер болсо быйыл, 730 миң гектердан ашты. Бул ыкма республиканын бардык аймактарында күч алып, каражаты жетиштүү дыйкан чарбалар мол түшүм алып, кыска убакыт аралыганда киреше булагын арттырууга жетишти. Мындай технология республиканын бардык айматкарына жайылып, жыйынтыгында түшүмдүүлүк жогору болуп, фермерлердин киреше булагы артууда.
«Тамчы Кенч» жоопкерчилиги чектелген ишкана учурда 140 гектар аянтка жүгөрү жана 120 гектар жерге кант кызылчасын айдаган. Кант кызылчасы боюнча завод менен алдын ала келишим түзүлүп, сатууда эч кандай маселе жаралбайт. Ал эми жүгөрү боюнча түшүм сатууда Өкмөттөн колдоо сурады.
Фермерлердин иши менен таанышып чыккан Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев айыл чарба тармагынын келечеги заманбап технологияларды колдонуу менен, тамчылатып суугаруу ыкмасын өздөштүрүүдө экенин белгиледи. Аны менен катар Биринчи вице-премьер-министр кыргыз Өкмөтү түшүмүн сыртка экспорттой турган фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү