13
Март
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев “Боинг - 747” авиа кырсыгынан жабыркаган Дача-Су айылынын тургундарынын өкүлдөрү менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражатты жана түрк компаниясы тарабынан берилүүчү компенсацияны бөлүштүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын ишине 2017-жылдын 16-январында “Боинг – 747” учагынын кыйрашынан жабыркаган Дача-Су айылынын тургундарынын өкүлдөрү да катышты.
Алар өздөрү тарабынан аткарылган иштер боюнча маалымат берип, акчалай каражаттарды жабыркагандар ортосунда кантип акыйкат бөлүп алуу тууралуу ойлорун билдирди.
Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат толук сакталып, жакын арада жабыркагандарга акыйкат, ачык бөлүштүрүлөрүн эскертти.
«Аны менен катар азыркы тапта Өкмөт тарабынан убактылуу батирде жашап жаткан жабырлануучулар, турак-жай маселеси чечилгенге чейин ошол жакта убактылуу жашай турганын белгилегим келет»,-деди Биринчи вице-премьер-министр.
Жабырлануучулардын бири Венера Шейшенова учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучулар митингге чыгары тууралуу маалыматтар жүргөнүн билдирди.
«Буга байланыштуу мен айтар элем, каргашалуу окуяда жакындарын жоготкон жабырлануучулардын арасынан бир да үй-бүлө митингге чыгуу тууралуу демилге менен чыккан эмес. Ошол күнү жабыркагандардын бардыгы өткөндү унутууга аракет кылып, тынч, өз турмушун өткөрүүдө. Биздин арабыздан бирөө да митингге чыгайын деген ою жок. Биз үчүн эң негизгиси турак жай маселеси менен бардык тиешелүү төлөмдөр эртерээк чечилсе болгону. Биз Өкмөт, анын ичинде комиссиянын ар бир мүчөсү ар тараптан колдоо көрсөтүп, зор иштерди аткарып жатканын көрүп жатабыз. Өкмөт берген убадаларын аткарат деп ишенебиз, аны менен бул иштин оңой эместигин эске алып түшүнүү менен кабыл алабыз»,-деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жабырлануучуларды турак-жай менен камсыз кылуу, аларга түрк компаниясы тарабынан тиешелүү төлөмдөрдү маселесин чечүү боюнча Өкмөт бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгидеди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү