01

Февраль

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрдү кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача курулуш башкармалыгынын аймагында Боинг-747 учагынын кыйрашы боюнча Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев 31-январда АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрдү кабыл алды.

Жолугушууда Биринчи вице-премьер-министр учактын курмандыктары жана жабыркаган жарандар тууралуу толук маалымат берди.

Азыркы тапта жабыркагандар ооруканада дарыланууда. Ал эми турак жайсыз калгандар убактылуу мейманканага жайгаштырылды. Мектеп окуучулары менен бала бакчага барган балдарды убагында жеткирүү Өкмөттүн көзөмөлүндө турат.

«Учактын кыйрашы боюнча бардык маселелер Өкмөттүн көзөмөлүндө, жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, учурда тиешелүү мекемелердин бардыгы бул багытта иш алып барууда. Эми алдыда эки тарап биргелешип жабыркаган жарандардын маселесин чечүү милдети турат»,-деди Биринчи вице-премьер-министр.

Жолугушууда Мухамметкалый Абулгазиев АСТ авиакомпаниясынын башкы директору баштаган өкүлдөрү менен кырсыктын чыгымдары тууралуу сүйлөштү. Түрк тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди. Өкмөттүк комиссия кыска убакыт аралыгында АСТ түрк авиакомпаниясына Боинг-747 учагынын кыйрашына байланышкан чыгымдар тууралуу толук маалымат берет.

Мындан сырткары жыйында АСТ түрк авиакомпаниянын башкы директору Желал Карабаш Боинг-747 учагындагы жүк тууралуу да кыскача маалымат берди. Боинг-747 учагы буга чейин Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча бир нече жолу жүк жеткирген. Ар бир каттамда Бишкекке конуп, Стамбулга чейин кошумча күйүүчү май куюп, экипаж мүчөлөрүн алмаштырып келген. Желал Карабаш аталган жүк Бишкекке багытталган эместигин кошумчалады.

[su_carousel source="media: 89194,89193,89192" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89194,89193,89192"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү