17

Январь

2017

ФОТО – Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Сокулук райондук курулуш башкармалыгынын дачасынын тургундары менен жолугушту

«Boing-747» учагы кырсыктаган жерде кечээтен бери авариялык-куткаруу жана башка зарыл иштер боюнча ыкчам штаб иш алып барууда, анда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевдер үзгүлтүксүз түрдө болууда.

Бүгүн, 17-январда, Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев авариялык-куткаруу жана башка зарыл иштер боюнча ыкчам штабдын мүчөлөрү менен биргеликте 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жабыркаган  Сокулук райондук курулуш башкармалыгынын дачасынын тургундары менен жолугушту.

Мухамметкалый Абулгазиев кыйроонун масштабын көрүп чыгып, куткаруу-издөө, тазалоо иштерине тартылган жактарды тийиштүү нерселер менен өз учурунда камсыздоо, келип түшкөн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу жана бөлүштүрүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алды.

Кырсык болгон жерде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары иш алып барууда, Жарандык коргонуу кызматынын атайы техникалары тартылган . Авиакырсык орун алган жер курчалган жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынган.

Куткаруу-издөө операциясына катышкан министрлик жана ведомстволордун кызматкерлери тийиштүү кийим-кече, жабдуу, ысык тамак жана эс алуу жайы менен камсыздалган.

[su_carousel source="media: 88501,88500,88499,88498,88497,88496,88495,88494,88493,88492,88491,88503,88504,88505,88506,88507,88508,88509,88510,88511,88512,88513,88514,88515,88516,88517,88518,88519"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

 маалыматтык камсыздоо бөлүмү