23

Июнь

2015

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ЕРӨБ делегациясы менен инфраструктуралык долбоорлорду иш жүзүнө ашырууну талкуулады

Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) делегациясынын жетекчиси, ЕРӨБ инфраструктуралык департаментинин башкы директору Томас Майерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика жаатында мурда пландаштырылган долбоорлорду иш жүзүнө ашыруунун алкагында мындан аркы кызматташуу багытын талкуулады. Мындан сырткары жолугушуу учурунда өлкөнүн шаарларын таза суу менен камсыздандыруу, таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу долбоорлорун жана Бишкек, Ош шаарларында муниципалдык коомдук транспортту жакшыртуу маселелери талкууланды.

Тайырбек Сарпашев өлкөнүн банк секторун өнүктүрүүдө, инфраструктураларды жакшыртууда, кичи жана орто бизнести, өнөр-жайды жана коммуналдык чарбаны өнүктүрүүдө ЕРӨБ маанилүү өнөктөш экендигин белгиледи.

«ЕРӨБ Кыргызстанда иштеп баштагандан бери өлкөгө 550 млн доллар инвестиция жумшады. ЕРӨБ менен биргеликте иш жүзүнө ашырылган долбоорлор бүгүнкү күнү элге кызмат кылууда. Өкмөт мындан ары да Европа банкы менен шаарларды таза суу менен камсыз кылуу жана инфраструктуралык долбоорлорду иш жүзүнө ашырууда бекем кызматташууга кызыкдар”, - деди Сарпашев.

Томас Майер ЕРӨБ кыргыз Өкмөтү менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгилеп, мурда белгиленген долбоорлор менен биргеликте башка тармактарда дагы кызматташуу пландаштырылып жаткандыгын маалымдады. Мисалы, алардын катарына ЕРӨБ менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен кызматташуусу , «Ош-Баткен-Исфана» жолунун курулушуна 35 млн доллар бөлүү. сыяктуу маселелер кирет.

Маалымдама: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн 1993-жылдан тарта улантууда. Бул жылдар аралыгында банк өлкөнүн аймагында 88 долбоорлордун каржылоосуна 550 млн доллардан ашык инвестиция жумшады. 2015-жылдын 23-июнуна карата 10 шаарда таза суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору макулдашылды. Ал шаарлардын катарында: Бишкек (экинчи фаза), Ош, Жалал-Абад, Кант, Талас, Кара-Балта, Токмок, Нарын жана Баткен шаары бар. Мындан сыртары жакынкы аралыкта Өзгөн, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Чолпон-Ата, Балыкчы, Каракол жана Токтогул шаарларында таза суу менен камсыздандыруу долбоорлору иштей баштайт. Аталган шаарлардагы долбоорлордун каржылоосуна 138 млн евро бөлүнөт. Анын 65 пайызы гранттык түрдө. Долбоорлордун аткаруучусу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана шаарлардын мэриялары саналат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү