14

Октябрь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: Өкмөт үчүн Президенттик шайлоону ачык өткөрүү абдан маанилүү

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын башчысы Виктор Заварзин  менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов алдыда боло турган шайлоо биометрикалык маалымат базасынын алкагында өтүп, добуштарды автоматташтырылган система санай турганын жана ал жогорку уюшулгандыкта өтөрүн билдирди.

«Шайлоо системасында техникалык жаңыланууларды пайдалануу эл аралык стандарттарга ылайык, таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүнү камсыз кылат» — деди ал.

Өз кезегинде  Виктор Заварзин көз карандысыз байкоочулар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдык иштеринин жүрүшүнө 2017-жылдын сентябрь айынан баштап байкоо сала баштаганын билдирди.

«Мурунку шайлоолорго мониторинг жүргүзүү жана андан тажрыйба алуунун жыйынтыгы боюнча шайлоо участкаларында техникалык жабдуу жана базистик даярдоо, ошондой эле Президентик кызмат орунга талапкерлерди даярдоо боюнча талкуулар КР Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилген. Ал эми шайлоо күнү биздин байкоочулар бардык аймактардагы шайлоо тилкелерине, аны менен катар Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган башка мамлекеттердеги шайлоо участкаларындагы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо салып турабыз. Бул үчүн Минск, Баку, Санкт-Петербург жана  Москва шаарларында атайын биздин топтор дайындалган», — деди Виктор Заварзин.

 [su_carousel source="media: 105405,105406,105407,105408,105409" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү