26
Сентябрь
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: 2025-жылга карата ЕАЭБ мамлекеттериндеги ИДП жалпы өсүшү 11% түзүп, санариптик долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууну камсыз кылат
2025-жылга санариптик долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууну камсыз кылуу, ЕАЭБ мамлекеттериндеги ИДПнын жалпы өсүшү жок дегенде 11% кем эмес болору күтүүлүдө. Эгерде Биримдиктеги мамлекеттер санариптик күн тартипти ишке ашыруу боюнча өздөрүнүн аракеттерин мезгилдештирүүнү камсыз кылышпаса, ИДП өсүшүнө кошкон салымдары эки эсе аз болушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, “Кыргыз Евразия экономикалык биримдигиндеги экономика жана коопсуздуктун алкагында Евразиялык интерграциянын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жыйынтыктары” эл аралык жыйынында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди.
«2017-жылы Кыргыз Республикасы ЕАЭБ кызматтарына өз төрагалыгынын алкагында ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүргүзүүнүн тоскоолдуктарын алып салуу жана экономикалык интеграцияны тереңдетүүнү негизги маселе катары санайт. Биригүүнүн алкагында артыкчылыктуу багыттар катары инвестициялык саясатты активдештирүү, ЕАЭБ мамлекеттеринде эмгектенген кызматкелердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн пенсиаларын камсыздоо тууралуу келишимге кол коюу, санариптик мейкиндикти түзүүнүн стратегиясын кабыл алуу, ЕАЭБ кызматынын рыногун либералдаштыруу, жалпы биримдиктин каржы рыногунун жол жобосун түзүү, бирдиктүү өнөр жай саясатын жана транспорт чөйрөсүндө өз ара байланышты жүргүзүү керек»,-деди Толкунбек Абдыгулов.
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасы 2016-жылдан тартып ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгондугун жана биримдикке мүчө болгон мамлекеттер арасында экономикалык масштабтын айырмасына карабастан, экономикалык бирде тенденция байкалгандыгын баса белгиледи.
«Тактап айтканда, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээли 3,5-3,7% ал эми биздин республикада бул көрсөткүч 2,8% түзгөн. Ошол эле учурда соода тармагындагы көрсөткүчтөрдүн жогорулашынын натыйжасында ЕАЭБ кирген баардык өлкөлөрдө экономикалык өсүш калыптанды. Биримдиктин өнүгүүсүнүн негизинде үч базалык максаттар бар; ЕАЭБ мамлекеттеринин калкынын жашоо шартын жогорулатуу кызыкчылыгында мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, ар тараптуу өркүндөтүү, кызматташуу жана глобалдык чакырыктардын шарттарында улуттук экономикадагы атаандашууну жогорулатуу. Биригүүнүн алкагында эмгек ресурстарын, капиталды, кызматтарды жана бирдиктүү товарлардын рыногун калыпка келтирүү керектигин эске алуу зарыл» -деди Толкунбек Абдыгулов.
Биринчи вице премьер-министр Толкунбек Абдыгулов ЕАЭБ мүчөлүгүн түзүмүнө өз төрагалыгынын алкагында Кыргызстан Евразия интеграциялык биригүү өлкөлөрүнө эмгек рескуртарын эркин алмашууну камсыздоо маселелерине көбүрөөк көңүл бурарын билдирди.
«Бул багыттагы кийинки маанилүү кадам, 2018-жылга пенсиялык камсыздоо тууралуу келишимди күчүнө киргизүү. ЕАЭБ мамлекеттеринде эмгектенген мигранттардын пенсияларын камсыздоо тууралуу келишим, биздин мамлекетте эмгектенгендер үчүн да бирдей шарттарды түзүүчү бир маанилүү документ болууга тийиш. Бул келишим күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандары ЕАЭБ мамлекеттери менен бирге Биримдиктеги өлкөлөрдө кызмат учурунда алынган пенсиалык укуктарын ишке ашыруу, сактоо жана укуктарын калыпка келтирүү дегенди билдирет. Бул документ интеграциялык биримдигинин мүчөлүгүнө кирген, башка мамлекеттерден алынган маселелерди чечүүгө багытталган» –деп баса белгиледи Толкунбек Абдыгулов.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү