16

Октябрь

2017

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: Саат 16.00 карата шайлоочулардын катышуусу 35,8%

Саат 16.00 карата  шайлоочулардын катышуусу 35,8% болду же 1 083 225 шайлоочу добушун берди. Бул тууралуу Кыргыз Республкиасынын Биринчи вице-премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдоо аны өткөрүү жана уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө  республикалык аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдын  башчысы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-октябрда, маалымат жыйынында билдирди.

«Бишкек шаары боюнча 128242 жаран добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 39,1% түзөт. Чүй облусу боюнча 160567 жаран добуш берсе, бул жайлпы шайлоочулардын 32,7% болуп эсептелет. Ысык-Көл облусу боюнча 88877  жаран  (34,3%), Нарын облусунда  60548  жаран  же  калктын 37,4% ,  Талас аймагында 53510 жаран 41,1%, Ош облусу боюнча 215 724  жаран 36,6%, Ош шаарында 78717  адам 49,4%, Жалал-Абад областындагы калктын 162 632  шайлоого келип, бул жалпы жарандардын  29,8% болду. Ал эми Баткен облусунда 84571 адам добуш берип,  шайлоочулардын активдүүлүгү  34,7% жетти. Жалпы республика боюнча 1 083 225 шайлоочу жарандык милдеттерин аткарганга жетишти», — деди ал.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринде өтүп жаткан шайлоодо Россия Федерациясынын  Москва, Санкт-Петербург, Красноярск, Екатеринбург, Новосибирск жана Владивосток шаарларында шайлоочулардын активдүүлүгү байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдоо аны өткөрүү жана уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө  республикалык аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдын мүчөлөрү азыркы тапта мыйзам бузуунун эки түрү:  добуш сатып алуу жана видеотасмага тартуу катталып жатканын билдиришкен. Бардык аныкталган фактылар боюнча керектүү чаралар көрүлөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, саат 16.00 маалыматка ылайык укук коргоо органдарына 12 арыз келип түшкөн.

[su_carousel source="media: 105439,105440,105441,105442,105443,105444,105445,105446,105447" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү