15
Октябрь
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: Эртең мененки 8.00 республика боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылды. Шайлоого даярдык 100%
Эртең мененки 8.00 республика боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылды. Шайлоого даярдык 100%. Бул тууралуу Кыргыз Республкиасынын Биринчи вице-премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдоо аны өткөрүү жана уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө республикалык аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдын башчысы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-октябрда, маалымат жыйынында билдирди.
«Эртең мененки 8.00 республика боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылды. Шайлоого даярдык 100%. Бир күн бою 2375 шайлоо тилкеси иштесе, алардын 37 Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринде жайгашкан. Өлкөдө коомдук тартипти 9000 ашык милиция кызматкерлери коргосо алардын 5000 шайлоо тилкелерине жакын жердеги тартипти көзөмөлгө алышат. Аны менен бирге укук коргоо органдарына коомдук тартиптир сактап, коопсуздукту камсыз кылууга 12000 ыктыярчылар тартылган», - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы ААК адистеринен турган атайын адистердин тобу түзүлгөн.
Добуштарды сатып алууга байланыштуу Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов мыйзам бузгандар мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү