23

Ноябрь

2017

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 3,8% түздү

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүүсү 3,8% түздү, өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду. Анын ичинде: айыл чарбасынын көлөмү 3%га реалдуу түрдө өстү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 3%га, курулуш тармагында – 7,4 %га жана өнөр жайда 5,2 %га өсүш болду.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселеси каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли дээрлик нөлдүк деңгээлде кармалып, же 0,4%ды түздү.

« Бул тенденциялар республикалык бюджеттин кирешесин 2015-жылга салыштырмалуу 101,6%га өсүшүн камсыз кылды, же 115,7 млрд сомду түздү. Негизинен салыктык кирешелер көп болду. Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 136,9 млрд сомго аткарылды, же 2015-жылга салыштырганда 13,5%га жогорулады», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр билдиргендей, Өкмөттүн 2016-жылдагы жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири – бюджеттин дефицити ИДПга карата 4,6%дык деңгээлде кармалып турду.

Ошондой эле Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы мамлекеттик карыздын деңгээлин ИДПга карата азайтууга мүмкүн болду, ал 2016-жылдын 31-декабрында 56,6%ды түзгөн.

Сапар Исаков 2016-жылы бюджеттин корголгон беренелери боюнча каржылоону толук көлөмдө аткарылгандыгын баса белгиледи.

«Мындан тышкары, 2016-жылы республикалык бюджет эсебинен Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Тарых жана маданият жылы, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы ийгиликтүү өткөрүлдү. Ири өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын катышуусундагы иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулду», - деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2016-жылы капиталдык салымдардын эсебинен 8,4 млрд сомго 97 объект каржыланып, ишке берилди. Алсак, 2015-жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар 1,5 эсеге өскөн.

Буга катар Премьер-министр эскерткендей, 2016-жылы Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жана Бишкек – “Манас” аэропортунун жолдорун реконструкциялоого, Көлдө (Бактуу-Долоноту айылында) ипподромдун салынышына каражат бөлүндү, Жеткиликтүү турак-жай программасы ишке киргизилди жана 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилинен үзгүлтүккө учурабай чыгуу камсыз  болду.

[su_carousel source="media: 107616,107617,107618,107619,107620,107621,107622,107623,107624,107625,107626,107627,107628,107629,107630,107631" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү