14
Июнь
«Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча 7 млрд АКШ долларынан ашуун суммага бир катар документтерге кол коюлду
Кыргызстанда өткөн «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча 7 млрд АКШ долларынан ашуун суммага 24 документке кол коюлду.
1. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, «FTZCOC» Борбор Азия логистикалык борборунун жана «Искра Азии» ААК ортосунда «Искра Азия» эркин соода кызматташтыгынын кыргыз-кытай өндүрүштүк паркын илгерилетүү жана модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим
2. ИИКА, «Ассоциация АЮ Холдинг» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Чанъань» ЖЧКсы ортосунда стратегиялык кызматташуу жөнүндө рамкалык келишим
3. КР ИИКА, «Daren Group», АОсОО «Lingbao Gold Group» жана ОсОО «Full Gold Mining» ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында баалуу металлдардын ортоазиялык биржасын түзүү жана «Бир жол – бир алкак» өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим
4. КР ИИКА, «Daren Group», АОсОО «Lingbao Gold Group» жана ОсОО «Full Gold Mining» ЖЧК ортосунда экологиялык циркуляцияны комплекстүү колдонуу менен алтынды кайра иштетүү заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим
5. КР ИИКА жана «Чжунъюань» эл аралык соода корпорациясы» ЖЧК ортосунда Борбор Азия соода биржасын жана блокчейн биржасын түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим
6. Заманбап кыргыз-кытай агрардык өндүрүш комплексин куруу жөнүндө эл аралык техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча КР ИИКА жана Цзянсу провинциясынын Кытай компаниялар тобунун ортосунда кызматташтык тууралуу рамкалык келишим
7. КР ИИКА жана «Beijing Enterprises Group Company Limited» ортосундагы КРда суу менен камсыздоо, канализация жана санитария чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум
8. КР ИИКА жана «Мега инвест өнөр жай компаниясы» ЖЧК ортосундагы КРда алтын, күмүш, жез жана сурма ээритүүчү полиметаллдык заводдун курулушу жөнүндө Меморандум
9. КР ИИКА жана «Люсин Групп» компаниясынын ортосунда «Спутник шаар» турак жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум
10. КР ИИКА жана «Токмок мунай кайра иштетүүчү завод» ЖЧК ортосунда Токмок мунай кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу Келишим
11. КР ИИКА жана «РУ И» соода-өндүрүштүк логистиканын агрардык өнөр жай борбору» ЖЧК ортосунда агрардык өнөр жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум 12. КР ИИКА жана Гуандун провинциясынын курулуш материалдары Ассоциациясы ортосунда Борбор Азия кантон жарманкесин уюштуруу тууралуу Келишим 13. КР ИИКА жана «Биримдик» ЖЧК ортосунда кыш заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум 14. КР ИИКА жана «China Cultural Industry Investment Fund» компаниясынын ортосунда «Кытай-Кыргыз эки жактуу кооперативдик инвестициялык фондун» түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум 15. КР ИИКА жана «Гансу синмай хуанджин лтд» ортосунда тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу тууралуу Меморандум 16. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана «Бай-Доу-Цзя» Хебей жер семирткич ЖЧКсы ортосунда кыргыз-кытай заманбап айыл чарба өндүрүшүнүн демонстрациялык паркын куруу жөнүндө Меморандум 17. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана «Централ Эйджа Интернейшнл Девелопмент Компани» ЖЧК ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум 18. КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, «Шенгда Хуатай» Пекин илимий айыл чарба компаниясы жана «Айкын Сейил» соода-логистикалык борборун түзүү жөнүндө Меморандум 19. КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана «Weidong Cloud Education Group» ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум 20. "ДОМА-АТА" ЖЧК жана CHINA CEC ENGINEERING CORPORATION ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум 21. «Нур Строй Монтаж» ЖЧК жана «One Lead One (HK) Trading Limited» компаниясынын ортосунда кыргыз-кытай камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө Келишим 22. «Нур Строй Монтаж» ЖЧК жана «Синьболун» ЖЧК ортосунда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун каржылоо келишими 23. «Нур Строй Монтаж» ЖЧК жана «One Lead One (HK) Trading Limited» компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө Келишим 24. КР ИИКА, «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧК жана «Dongfeng Automobile CO LTD» компаниясынын ортосунда электромобилдерди чогултуучу заводду куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу Меморандум. [su_carousel source="media: 134220,134219" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү